ТалМУнун студенти Арслан Жекшенбеков – президенттик стипендиант!
Бүткүл республика аймагынан тандалган 70 студент өткөн аптада президенттик стипендияга ээ болушту. Аны мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев тапшырып, мыкты студенттерди окууда жетишкен ийгиликтери менен куттуктады.
70 студенттин арасында Талас мамлекеттик университетинин табият таануу жана педагогика факультетинин студенти Жекшенбеков Арслан дагы «окууда, илимий-чыгармалык жана коомдук иштерде өзгөчө айырмаланганы үчүн» президенттик стипендияга ээ болду.
Жекшенбеков Арсландын мындай ардактуу президенттик стипендияга татыктуу болушу менен Талас мамлекеттик университетинин ректораты чын жүрөктөн куттуктайт жана сыймыктанат!
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2017/10/DOS_3158.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2017/10/DST_8769.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2017/10/FB_IMG_1508686110577.jpg)