Маданияттуулук-улут күзгүсү, адептүүлүк-адам көркү

“Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында Талас районундагы А.Бөрүбаев атындагы орто мектебинин 9-10-11-класстар арасында “Маданияттуулук-улут күзгүсү, адептүүлүк-адам көркү” деген темада семинар-треннинг өткөрүлдү.

Уюштуруучулар: ТалМУнун гуманитардык факультетинин тарых жана коомдук илимдер кафедрасынын доценти А.С.Усубалиева, тарых адистигинин 4-курсунун  студенти Акжолбекова Айжамал, “Ыйык Ата Журт” жаштар коомунун Талас облусундагы координатору Токтосунов Шумкар жана А.Бөрүбаев атындагы орто мектебинин тажрыйбалуу тарых мугалими Көчкөнбаева Салтанат.            Семинарда адамдын  адептүүлүгү, жүрүм-турум маданияты тууралуу маалыматтар берилип, окуучулар менен кайтарым байланыш болуп кызуу талкууланды. Семинарда окуучулар өздөрүнүн ойлорун презентациялап, интервью жана пресс конференция формасында түшүндүрүп, активдүүлүгүн көрсөтүштү.

Прокрутить вверх