Талас мамлекеттик университети Россия Федерациясынын М.В.Шукшин атындагы Алтай мамлекеттик гуманитардык-педагогикалык университети жана Талас облустук усулдук билим берүү борбору менен биргеликте “Кыргызстанда орус тилинде билим берүү” аттуу билим берүү марафонун уюштуруп өткөрүүдө. Аталган иш-чаранын расмий ачылышында ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов, М.В.Шукшин атындагы Алтай мамлекеттик гуманитардык-педагогикалык университетинин ректору Л.А.Макрецова, Талас облустук усулдук билим берүү борборунун директорунун орун басары Б.К.Омурканов, М.В.Шукшин атындагы Алтай мамлекеттик гуманитардык-педагогикалык университетинин илимий-изилдөө борборунун башчысы, ф.и.к., доцент М.С.Власов жана филоф.и.к., доцент А.М.Беспалов куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, Кыргызстан менен Россиянын кызматташтык алакаларынын алкагында уюштурулуп жаткан иш-чаралар аркылуу билим берүү алкагы кеңейип, жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачыларын белгилешти. Экинчи бөлүгүндө россиялык өнөктөштөр тарабынан мастер-класстар өткөрүлдү. Бул эл аралык билим берүү марафону 17-ноябрдан 22-ноябрга чейинки аралыкка созулуп, анда ачык сабактар боюнча сынактар уюштурулуп, мастер-класстар, илимий-популярдуу лекциялар, тарбиялык сааттар, окуудан тышкаркы сабактар өткөрүлүп, оффлайн жана онлайн эки форматта өткөрүлөт. Эртең 18-ноябрда ТалМУнун орус тилчи окутуучулары тарабынан мастер-класстар, ачык сабактар өткөрүлөт.