Асманда жарык көрсөң жылдыз деп бил,Ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил , – дегендей жергебизде Ак калпак күнү белгиленүүдө. Талас мамлекеттик университетинин жамааты студенттер менен биргеликте бул күндү шаңдуу маанайда өткөрүштү. Технология- экономикалык факультеттин демилгеси менен маданий программа тартууланып, катышкандардын көңүлүн көкөлөтту. Алгач сөздү ТалМунун ректору А.Ш.Упенов куттуктап, иш-чараны ачык деп жарыялады. Андан соң ак калпак тууралуу ырлар көркөм окулуп, обондуу ырлар ырдалып , скрипкада обондор сыбызгып , кыздардын аткаруусунда бийлер тартууланды.Улутубуздун сыймыгы болгон ак калпагыбыз башыбыздан тушпой жүрө берсин! Элибизде тынчтык болсун!
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2022/03/274746734_132922332581008_1157526799178330573_n.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2022/03/275158752_132922479247660_7761713196532535050_n.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2022/03/275177679_132922519247656_614032863834310489_n.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2022/03/275180465_132922512580990_8315188934096171966_n.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2022/03/275221169_132922615914313_2645568419917899618_n.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2022/03/275302405_132922485914326_2264954227633650608_n.jpg)