ТалМУда Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди. Чыгыш элдеринде күн менен түн теңелген мезгилде белгиленип келаткан Нооруз майрамына арналган иш-чаралар университетте дагы жылда салттуу түрдө өткөрүлүп келе жатканын, жыл сайын бир структуралык бөлүм иш-чараларды улам жогорку деңгээлде уюштуруп жатканын баса белгилеп, окуу жайдын жалпы жамаатын Нооруз майрамы менен ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов куттуктады. Умай Эне арча түтөтүп аластап, Баба Дыйкан данын сээп, Кыдыр Ата батасын берди. Андан кийин мукамдуу ырлар ырдалып, бийлер бийленип, улуттук кийимдердин сынагы уюштурулуп, активдүү катышкан түзүмдүк бөлүмдөргө профсоюз уюму тарабынан сыйлыктар берилди. Иш-чараны уюштуруп жаткан табият таануу жана педагогика факультетинин жамааты даярдаган сүмөлөк майрамдык салтанаттын катышуучуларына таркатылып, жаштар алты бакандан селкинчек тебишип, майрам оюн-зоок, ыр-бий менен коштолду.