“7-апрель Элдик революциясы: себептери, сабактары
жана тарыхый мааниси” аттуу конференция болуп өттү
ТалМУда 7-апрель Элдик революциясына арналган “7-апрель Элдик революциясы: себептери, сабактары жана тарыхый мааниси” аттуу конференция болуп өттү. Конференцияны Талас шаардык мэриясы, Талас мамлекеттик университети жана А.Токтогулов атындагы Талас облустук китепканасы биргелешип уюштуруп өткөрүштү. Аталган конференцияны ТалМУнун окуу-илимий иштери боюнча проректору, ф.и.д., проф. С.С.Жумалиев ачып, Апрель Элдик революциясы тууралуу видео-тасма коюлуп, А.Токтогулов атындагы Талас облустук китепканасы тарабынан Апрель баатырларына арналып уюштурулган китеп көргөзмөзү көрсөтүлдү. Андан кийин Талас шаарынын вице-мэри М.Е.Сейдикеримова, ‘Баатырларга таазим” коомдук фондусунун жетекчиси К.Таштакеева, “Апрель – Элим Кыргызстан” коомунун төрагасы Д.Эрдешов, Апрель Элдик революциясынын баатыры Д.Улушбековалар сөз сүйлөштү. Экинчи бөлүктө т.и.к., доцент Э.К.Кулова, филос.и.к., доцент Г.Б.Кудабаева, т.и.к., доцент М.М.Жусупова, Талас шаарындагы 5-мектептин тарых мугалими Ж.Т.Акматова баяндамаларын окушуп, 2010-жылдын 7-апрелиндеги революциянын келип чыгуу себептерине, анын жүрүшүнө, тарыхый маанисине, аны мектептерде окутуп-тарбиялоонун маанисине кеңири токтолушту. Аягында резолюция окулуп кабыл алынгандан кийин, Талас шаарынын вице-мэри М.Е.Сейдикеримова баяндамачыларга сертификаттарды тапшырды. Конференцияга Апрель элдик революциясынын баатырлары жана ТалМУнун, Талас агро-колледжи менен Талас медициналык колледжинин окутуучулары, студенттери катышты.
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2022/04/277741005_1179751789464121_2722240324202898537_n.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2022/04/277754094_1179751532797480_8583884855601312449_n.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2022/04/277756341_1179751692797464_7894856389893836368_n.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2022/04/277758058_1179751832797450_2075788204279006005_n.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2022/04/277767285_1179751649464135_2873667906272156430_n.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2022/04/277779021_1179751742797459_8120616296795462998_n.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2022/04/277782025_1179751599464140_4946891631156806440_n.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2022/04/278006034_1179752656130701_7585654340427303881_n.jpg)