“Илим жана билим берүү: проблемалар жана преспективалар”
илимий-практикалык конференция
Бүгүн Талас мамлекеттик университетинин студенттери менен жаш окумуштуулары В.М.Шукшин атындагы Алтай мамлекеттик гуманитардык-педагогикалык университети тарабынан онлайн форматта өткөрүлгөн “Илим жана билим берүү: проблемалар жана преспективалар (Наука и образование: проблемы и перспективы)” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциясына активдүү катышышты. ТалМУнун студенттери менен жаш окумуштуулары тарабынан 31 илимий баяндама окулуп, илим-билим багыттары боюнча актуалдуу проблемалары көтөрүлдү. Ошондой эле конференцияга Россиянын, Монголиянын жогорку окуу жайларынын студенттери жана жаш окумуштуулары да катышып, илимий тажрыйба алмашуу жүрдү.
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2022/04/278567966_1186032275502739_2152137460039821155_n.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2022/04/278586276_1186028045503162_2460273648565667734_n.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2022/04/278594258_1186032162169417_4513006643501453971_n.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2022/04/278611316_1186028128836487_6661399490747867799_n.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2022/04/278627855_1186028312169802_7185178341541583501_n.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2022/04/278629304_1186029088836391_5527204574236908721_n.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2022/04/278644437_1186028638836436_5235507699260507020_n.jpg)