“Эл баасы” аккредитациялоо агенттигинен программалык аккредитациядан өтүп жатышат
ТалМУнун физика-математикалык, педагогика, айыл чарба бакалавры, технологиялык-транспорттук процесстер билим берүү программалары “Эл баасы” аккредитациялоо агенттигинен программалык аккредитациядан өтүп жатышат. Бүгүнкү биринчи күндөгү ишинде эксперттик комиссия материалдык-техникалык база менен таанышып, сабактарга катышып, интервьюга кирүүчү студенттер, окутуучулар, ата-энелер, социалдык өнөктөштөр, бүтүрүүчүлөр менен маектешүү жүргүзүшүүдө.