Заманбап чакырыктардын шартында илим менен билим берүүнүн актуалдуу проблемалары
ТалМУда 2022-жыл Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылына карата “Заманбап чакырыктардын шартында илим менен билим берүүнүн актуалдуу проблемалары” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция В.М.Шукшин атындагы Алтай мамлекеттик гуманитардык-педагогикалык университети, М.Ауэзов атындагы Түштүк-Казахстан университети менен биргеликте уюштурулуп өткөрүлдү. Конференцияга аталган жогорку окуу жайлардан тышкары Баткен мамлекеттик университетинин, Ош мамлекеттик университетинин, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жана Талас мамлекеттик университетинин окумуштуулары, окутуучулары, аспирант-изденүүчүлөрү, магистранттары катышты. Куттуктоо сөздөрдү ТалМУнун окуу-илимий иштери боюнча проректору С.С.Жумалиев, В.М.Шукшин атындагы АлтГГПУнун илимий-изилдөө борборунун директору М.С.Власов, М.Ауэзов атындагы Түштүк-Казахстан университетинин 1-проректору К.Э.Нурманбетов, БатМУнун педагогика факультетинин деканы М.М.Боркошев сүйлөшүп, пленардык бөлүктө 3 баяндама (А.М.Беспалов, Ш.Ж.Курманкулов, Ж.К.Абдиева) окулду. Секциялык отурумда 5 багыт боюнча 53 илимий баяндама окулуп, кызуу талкууланып, алардын жыйынтыктарынын негизинде резолюция кабыл алынып, катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2022/05/279452914_1195000787939221_7655250145412385254_n.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2022/05/279484629_1195001014605865_4363264065999376553_n.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2022/05/279485132_1195000981272535_8921906781039071762_n.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2022/05/279492683_1195001037939196_599096933442779832_n.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2022/05/279499238_1195000867939213_45557823388695351_n.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2022/05/279503481_1195000937939206_9035652557451015722_n.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2022/05/279504459_1195000914605875_6373372036726809566_n.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2022/05/279504784_1195000954605871_3155546300203123086_n.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2022/05/279511973_1195000897939210_3425547200214901107_n.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2022/05/279513240_1195000997939200_6907745201054401276_n.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2022/05/279524171_1195000837939216_3914759814724859357_n.jpg)