“Жылдын мыкты мугалими” , “Жылдын мыкты тарбиячысы” конкурсу болуп өттү
13-14- майда Талас усулдук билим берүү борборунун уюштуруусу менен “Жылдын мыкты мугалими” , “Жылдын мыкты тарбиячысы” конкурсу болуп өттү. Конкурска шаардын , райондорубуздун эң мыкты деген мугалимдери катышып, тапшырмаларды чыгармачылык менен жогорку деңгээлде аткарышты.Жыйынтыгында , катышкан бардык конкурсанттарга ыраазычылык кат, белектер тапшырылып, “Жылдын мыкты мугалими” номинациясын ТалМУнун тарых адистигинин бүтүрүүчүсү , Бакай-Ата районунун Э.Капалов орто мектебинин тарых мугалими Алтынбек кызы Алмакан жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” номинациясы боюнча Манас районунун “Байчечекей” балдар бакчасынын тарбиячысы, ТалМУнун алдындагы КОБББнын бүтүрүүчүсу Эркинбек кызы Мунара 1-орунду камсыздашып , республикага жолдомо алышты.Бутуруучулорубуздун сыйлыгы, ТалМунун сыймыгы!Ак жол, ийгилик!





