«Т.Сыдыкбеков кыргыз адабиятынын алп жазуучусу» деген
темада адабий музыкалуу кече болуп өттү

ТалМУда Т.Сыдыкбековдун 110 жылдыгына карата «Т.Сыдыкбеков кыргыз адабиятынын алп жазуучусу» деген темада адабий музыкалуу кече болуп өттү.Кечеде дил баян конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталып,сыйлыктар тапшырылды.Илимий китепкана тарабынан жазуучунун чыгармачылыгынын көргөзмөсү уюштурулду.Уюштуруучулар алп жазуучунун өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу видео-слайд көрсөтүп,ар кыл темадагы чыгармаларынан көркөм окулуп,сценкалар тартууланып,музыкалар менен коштолду.

Прокрутить вверх