«Элди түбөлүк кылып турган анын тили» аттуу облустук деңгээлдеги маданий иш-чара
Улут болсом-тилим менен улутмун! Э.Ибраев.
Кыргыз Республикасынын Президентине
караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия » Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» КРнын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 30- апрелиндеги 15-протоколдук тапшырмасын , Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата жарыяланган Жарлыгына ылайык Талас мамлекеттик университетинде мамлекеттик тилдин 1 айлыгы жыйынтыкталды.
«Элди түбөлүк кылып турган анын тили» аттуу облустук деңгээлдеги маданий иш-чара, «Улуттун устаты » Кыргыз Эл мугалими Бектур Исаков менен кереге кеңеш өткөрүү, дубал газеталар, флешмоб, дил баяндардын жыйынтыгы чыгарылып, окуу жайдын сыйлыктары жана белектери тапшырылды. Мындан сырткары » Элибиздин эртеңи эне тилде» аттуу темада өткөрүлгөн илимий практикалык конференцияга республикабыздагы ЖОЖдордун окумуштуулары мазмундуу макалалары менен катышып сертификаттарга ээ болушту.
» Сабаттуу жазуу» өнөктүгүнүн негизинде окуу жайдын окутуучулары жана кызматкерлеринен жат жазуу алынды.
Д. Казакбаев атындагы илимий китепкананын кызматкерлери тарабынан » Иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн абалы» деген темада окутуучу , студенттер менен бирдикте талкуу болуп өттү.
Окуу жайдын структуралык бөлүмдөрүндө тилди даназалаган куратордук сааттар өткөрүлүп, окуу корпустарында улуу акын -жазуучу, ойчул, окумуштуулардын учкул,накыл сөздөрү илинди.
Облусубуздагы мекемелердин чакыруусу боюнча окутуучуларыбыз талкууларды өткөрүшүп, жат жазуу жаздырып, текшерип жыйынтыгын чыгарышып беришти. Бул иштер жыл бою жүргүзүлө бермекчи.



















