“Элди түбөлүк кылып турган анын тили” аттуу облустук деңгээлдеги маданий иш-чара

Улут болсом-тилим менен улутмун! Э.Ибраев.

Кыргыз Республикасынын Президентине

караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия ” Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КРнын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 30- апрелиндеги 15-протоколдук тапшырмасын , Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата жарыяланган Жарлыгына ылайык Талас мамлекеттик университетинде мамлекеттик тилдин 1 айлыгы жыйынтыкталды.

“Элди түбөлүк кылып турган анын тили” аттуу облустук деңгээлдеги маданий иш-чара, “Улуттун устаты ” Кыргыз Эл мугалими Бектур Исаков менен кереге кеңеш өткөрүү, дубал газеталар, флешмоб, дил баяндардын жыйынтыгы чыгарылып, окуу жайдын сыйлыктары жана белектери тапшырылды. Мындан сырткары ” Элибиздин эртеңи эне тилде” аттуу темада өткөрүлгөн илимий практикалык конференцияга республикабыздагы ЖОЖдордун окумуштуулары мазмундуу макалалары менен катышып сертификаттарга ээ болушту.

” Сабаттуу жазуу” өнөктүгүнүн негизинде окуу жайдын окутуучулары жана кызматкерлеринен жат жазуу алынды.

Д. Казакбаев атындагы илимий китепкананын кызматкерлери тарабынан ” Иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн абалы” деген темада окутуучу , студенттер менен бирдикте талкуу болуп өттү.

Окуу жайдын структуралык бөлүмдөрүндө тилди даназалаган куратордук сааттар өткөрүлүп, окуу корпустарында улуу акын -жазуучу, ойчул, окумуштуулардын учкул,накыл сөздөрү илинди.

Облусубуздагы мекемелердин чакыруусу боюнча окутуучуларыбыз талкууларды өткөрүшүп, жат жазуу жаздырып, текшерип жыйынтыгын чыгарышып беришти. Бул иштер жыл бою жүргүзүлө бермекчи.

Прокрутить вверх