17-ноябрь эл аралык студенттердин күнүнө карата маданий иш-чара болуп өттү
Урматтуу студенттер сиздерди 17-ноябрь Эл аралык студенттер күнү менен куттуктайбыз!
Бүгүн ТалМУда студенттерге арналган “Студенттик күн, жаңырсын шатттык үн!” – деген темада маданий иш-чара болуп өттү.
Талас мамлекеттик университетинин ректорунун милдетин аткаруучу Самат Субанкулович Жумалиев студенттерди куттуктоо сөзү менен ачты. Андан соң Талас мамлекеттик университетинин окууда, илимде, коомдук-маданий иштерде ийгилик жараткан студенттери окуу жайдын Ардак Грамотасы менен сыйланышты.Студенттердин эл аралык күнүнө карата уюштурулган спорттук оюндарды жеңүүчү командалар ТалМУнун Грамотасы менен сыйланышты. Иш-чара таланттуу студенттерибиздин маданий программасы менен улантылды.
Андан соң майрам маданий программа менен коштолуп, студенттер үчүн дискотека уюштурулду.