“Глобалдуу акча жумалыгы-2023” иш-чарасы
2023-жылдын 24-мартында Талас мамлекеттик университетинин студенттерине Кыргыз Республикасынын Талас облустук башкармалыгынын көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Исмаилов Аскар Сагынович, кассалык операциялар тобунун башкы адиси Борубаева Жылдыз Эргешовнанын катышуусунда “Глобалдуу акча жумалыгы-2023” иш-чарасынын алкагында “Финансылык пландаштыруу жана үй-бүлө бюджети”, “Кыргыз Республикасынын нумизматикалык баалуулуктары” деген темада лекцияларды окушту.
Студенттерге улуттук валютабыз- кыргыз сомунун тарыхы, Улуттук банктын нумизматикалык баалуулуктары, үй-бүлөдө бюджетти пландаштыруу жана колдонуу сыяктуу маалыматтарды берүү менен студенттердин кызыккан суроолоруна жооп беришип, эң активдүү катышкан студенттерге белектерди тапшырышты.
Бул иш-чара кыргыз сомунун 30 жылдыгына карата өткөрүлө бере тургандыгын айтып, уюштуруп берген окуу жайдын жетекчилигине ыраазычылык билдиришти.
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2023/03/Фото_1-800x609.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2023/03/Фото_2-800x612.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2023/03/Фото_3-615x800.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2023/03/Фото_4-1-724x800.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2023/03/Фото_5-800x800.jpg)
![](https://talsu.kg/wp-content/uploads/2023/03/Фото_6-800x800.jpg)