1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнү!

Бул күнү Талас мамлекеттик университетинде балдарга арналган маданий оюн-зоок иш-чарасы өткөрүлдү.
Алгач Талас мамлекеттик университетинин ректорунун м.а .С.С.Жумалиев, Кесиптик кошундун торагасы Э.А.Абдыраимов куттуктап, балдарга жаркын келечекти каалады.Студенттерибиз «Манас» дастанынан айтышып,программаны балдардын ырлары,бийлери коштоп,балдардын ар бирине белектер берилип, балмуздак таратылды.

Прокрутить вверх