«Бош орундар жарманкеси — 2023»
ТалМУда бүтүрүүчүлөр үчүн «Бош орундар жарманкеси — 2023» иш-чарасы болуп өттү. Ага Талас шаардык мэриясы, Талас шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын калкты иш менен камсыз кылуу бөлүмү, Талас билим берүү усулдук борбору жана мекеме-уюмдардын өкүлдөрү катышты. Иш берүүчүлөр тарабынан бош орундар тууралуу маалыматтар берилип, бюджеттик бөлүмдү окуп бүтүргөн бүтүрүүчүлөр ваканттык орундарга бөлүштүрүлдү. Быйылкы окуу жылында университетти 409, колледжди 217 студент бүтүрүп жатат.





