Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди тестирлөө борбору ачылды

ТалМУда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди тестирлөө борбору ачылды. Ал максатта тиешелүү компьютердик жабдыктар, эмеректер КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин түндүк аймактар аралык башкармалыгы тарабынан берилди. Борбордун ачылышына аталган башкармалыктын жетекчиси Ч.Ч.Ачикеева, ТалМУнун ректорунун милдетин аткаруучу С.С.Жумалиев катышып, мамлекеттик жана муниципалдык кадрларды даярдоого борбор салымын кошорун жана бул багытта университетте жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого болорун баса белгилешти. Буйруса, окуу жайдын ар тараптуу өнүгүүсүндө жаңы ачылган борбордун дагы өз орду болот деген ишеничтебиз.

Прокрутить вверх