Таласка Жалал-Абаддан студенттер келишти

Б.Осмонов атындагы ЖаМУнун тарых кафедрасынын башчысы,т.и.к,доцент Г.А.Анарбаева тарых адистигинин студенттерин Талас облусуна жетектеп келди. Максаты- Талас өрөөнүндөгү музейлер менен таанышуу жана Т.Айтматовдун 120 жылдыгына жана Ч.Айтматовдун 95 жылдык мааракелеринин алкагында конок лекция өтүү болду. Конок лекцияны доцент Гулнора Абдыманоповна «Төрөкул Айтматовдун түштүктөгү жер-суу реформасын ишке ашырылышына кошкон салымы» аттуу темада жасады. Лекция актуалдуу, өтө мазмундуу болуп, кызуу талкуулар болду.
Жолугушуу 2 күнгө пландаштырылып, 16-октябрь күнү Ч.Түлөбердиевдин музейи менен таанышты. 17-октябрь күнү гуманитардык факультетинин студенттик парламентинин төрагасы жана мүчөлөрүнүн уюштуруусунда маданий иш-чара уюштурулду. Алгач, ТалМУнун ректору Ж.С.Шаршембиев ЖаМУнун тарыхчы-окумуштууларын жана студенттерине куттуктоо сөз айтып, эки окуу жайдын мындан аркы дагы ар тараптан кызматташууларына ийгилик каалап өттү.

Прокрутить вверх