САДЫР ЖАПАРОВ ЭҢ МЫКТЫ 75 СТУДЕНТКЕ ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИЯ ТАПШЫРДЫ

23-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларынын 75 студентине Президенттик стипендия тапшырды.

Анын ичинен Талас мамлекеттик университинин эки студенти Курманбекова Акылай, Төлөбаева Дильфуза Президенттин колунан мактоо баракчаларын жана 60 миң сом өлчөмүндө стипендия алышты.

Студенттерибиздин сыйлыгы,

Талас мамлекеттик университетинин сыймыгы!

Сыйлыгынар кут болсун!

Биз силерден көптү күтөбүз , келечек ээлери!

Прокрутить вверх