ТалМУнун ректору Жыргалбек Сабырбекович Талас мамлекеттик университети жөнүндө кенен маалымат берди. Ошондой эле РМПУнун Эл аралык иштер жана интернационалдаштыруу боюнча проректору Мерешкин Дмитрий Евгеньевич РМПУ жөнүндө маалымат берди. Эки тарап кызматташуу тууралуу суйлөшүүнүн негизинде академиялык мобилдүүлүк, долбоорлордо бирге иштөө ошондой эле магистратура жана аспирантура бөлүмдөрүнө студенттердин окууларын уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. РМПУ тарап кызматташуу тууралуу эки тараптын келишимдерине кол коюу аземине чакыруу жолдоду. Бул жолугушууга ТалМУнун окуу иштери жана илимий иштери боюнча проректор Сурапов Анаркул Кудайбердиевич жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Нуралиева А. Т. катышышты