Алгач куттуктоо сөздү ТалМУнун ректору Ж.С.Шаршембиев ачып , жалпы окуучуларга окуудагы ийгиликтерди каалады. Андан соң лицейдин директору А.М.Бутешова жаңы окуу жылынын башталышы, Билим күнү менен куттуктап, өткөн окуу жылындагы ийгиликтер менен бөлүштү. Ата-энелердин атынан К. Боромбаева суйлөп, окутуучуларга ыраазычылыгын билдирди. Соңунда биринчи коңгуроо кагылып, иш-чара маданий программа менен коштолуп жыйынтыкталды.





