Ак жолуң ачылсын бүтүрүүчү!

Бүгүн Талас мамлекеттик университетинде бүтүрүүчүлөргө арналган диплом тапшыруу аземи болуп өттү. Алгач куттуктоо сөз ТалМУнун ректору, тех.и.д, профессор Ж.С.Шаршембиевге берилди. Кечээги студент , бүгүнкү кесиптеш бутүрүүчүлөрдү ийгиликтүү бүтүп, дипломго ээ болушу менен чын жүрөктөн куттуктап, турмушка аттанган сапарлары байсалдуу болуп, иштерине чоң ийгиликтерди каалоо менен дипломдорун салтанаттуу түрдө тапшырды. Майрамдык маанай тартуулаган маданий программа тартууланды.

Прокрутить вверх