ТАЛАСТА МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮНҮН УРМАТЫНА “ЭНЕ ТИЛИМ – СЫЙМЫГЫМ” АТТУУ ОБЛУСТУК ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

23-сентябрь КР мамлекеттик тил күнүнүн урматына К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында “Эне тилим – сыймыгым” аттуу масштабдуу иш-чара өттү. Иш-чарага КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова, Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов, Талас район жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Турдубек Момоконов, Талас мамлекеттик университетинин окутуучулары, студенттер, мекеме-уюмдардын кызматкерлери, мугалимдер жана окуучулар катышышты. Эне тилибизге арналган майрамдык салтанат Капар Медетбеков атындагы облустук музыкалык драма театрынын алдындагы эл аспаптар ансамблинин жандуу аткаруусундагы ыр жана күүлөр, эне тилибизге арналган патриоттук тематикадагы чыгармалар менен коштолуп, концерттин катышууларына жакшы маанай тартуулады.

Прокрутить вверх