“Тил- улуттун жан дүйнөсү”

Талас мамлекеттик университетинде Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналган “Тил- улуттун жан дүйнөсү” аталышында Мамлекеттик тил күнү белгиленди.

Салтанаттуу иш-чараны ТалМУнун ректору, профессор Ж.С.Шаршембиев ачып, жалпы катышуучуларды, конокторду бүгүнкү майрамы менен куттуктады. Тилдин тарыхы-элдин тарыхы менен тыгыз байланышкан, ошондуктан жалпыбыз эне тилибиздин өнүгүшүнө өз салымыбызды кошкондо гана кылымдар бою жашай бере тургандыгын белгилеп, ийгиликтерди каалады. Андан соң Талас шаарынын мэри Б. К.Астанакулов тил майрамы менен кызуу куттуктап, мамлекеттик тилде иш жүргүзүү парзыбыз деп баса белгиледи.

Иш-чара маданий программа менен коштолуп, Манас айтылып, тил тууралуу ырлар көркөм окулуп, макал-лакаптар айтылып, обондуу ырлар ырдалып, сахналаштырылган сценка коюлуп катышуучулардын, коноктордун маанайын көтөрдү.

Прокрутить вверх