“Эр Солтоной-кыргыз элинин улуттук баатыры”

2024-жылдын 4-октябрында К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында “Эр Солтоной-кыргыз элинин улуттук баатыры” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Конференцияны Талас мамлекеттик университети жана “Жетиген-Карек” коомдук бирикмеси уюштурду.

Конференциянын максаты: Эр Солтонойдун өмүрү жана саясий ишмердүүлүгүн кийинки жаш муундарга тереңирээк жайылтуу.

Конференцияга КРнын Президентинин Талас облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Талантбек Расабекович Эдилов,

Талас шаардык мэриясынын социалдык бөлүмүнүн адиси Камчыбекова Нурзада Чотоновна, Талас районунун мамлекеттик администрациясынын акиминин орун басары Венера Мамбеталиева,т.и.д,профессор,II,III даражадагы Данк орденинин ээси Ө.Ж.Осмонов (онлайн),Казак Республикасынан,окумуштуу Шолпан Торугатаева (онлайн), коомдук ишмерлер,Б.Осмонов атын.ЖаМУнун окумуштуулары,студенттер катышышты.

Эр Солтоной тууралуу кызыктуу маалыматтар айтылып, илимий баяндамалар окулду.

Жыйынтыгында сунуш-пикирлер айтылып,резолюция кабыл алынды.

Прокрутить вверх