“Эне тилди данктайлы”

Өзүнүн тарыхы, маданияты, үрп-адаты,салт-санаасы өңдүү улуттук баалуулуктарга ээ болгон Эгемен мамлекетибиздин мамлекеттик тил күнү белгиленип келе жатканына быйыл 35 жыл толуп олтурат .

Үч айлыктын алкагында Талас мамлекеттик университетинде жана түзүмдүк бөлүмдөрүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында ар кандай иш-чаралар уюштурулуп жүргүзүлүп жатат.

Талас мамлекеттик университетинин алдындагы маалыматтык технологиялар багытындагы “Бектур агай”лицейинде “Эне тилди данктайлы” аталыштагы кечеде улуттун жүзү болгон кыргыз тилин даңктаган ыр-бийлер, “Манас”эпосунан үзүндүлөр,турмуштагы тил көйгөйүнө байланыштуу көрүнүштөрдү чагылдырган окуучулардын сахналаштырылган иш-чаранын мазмунун түздү. Жыйындын ардактуу коногу кыргыз тилинин өнүгүшүнө ат көтөргүс салым кошкон Кыргыз Эл мугалими , көптөгөн окуу китептерин, усулдук колдонмолордун автору жана лицейдин наамын алып келе жаткан инсан Бектур Исаков агайыбыз болду.

Өзгө тилди жандай жакшы көрсөнөр да ,

Өз тилинерди сүйгөнүңөрдөн жанылбай,

эне тилибиздин тазалыгын сактап,байлыгын, кут -ооматын арттырып,кийинки муундарга өткөрүп берүү биздин атуулдук милдетибиз экенин баса белгиледи. Соңунда Бектур агай тарабынан лицейдеги алдыңкы мугалимдерге, окуунун алдынкыларына, “Бектур агай” төш белгиси тапшырылды. Берилген сыйлык окуучулар үчүн дем – күч берүүчү өзгөчө белек болду.

Прокрутить вверх