КУБАНЫЧТУУ КАБАР!

Президенттин Жарлыгына ылайык, Талас мамлекеттик университетине өзгөчө макам ыйгарылды. Бул деген эми ТМУ каржылык жана академиялык автономияга ээ болуп, өнүгүп өсүү үчүн мүмкүнчүлүктөр ачылат дегенди билдирет.

-“Биздин облустагы жалгыз жогорку окуу жайдын өзгөчө макамга ээ болушу жакшы кабар, мүмкүнчүлүк жана албетте жоопкерчилик. Эми жигердүү иштеп, өзгөчө макамдын болгон пайдасын көрүү керек.

Талас мамлекеттик университети өнүгүп, өлкөнүн алдыңкы окуу жайларынын катарын толуктаса деген тилек. Жалпы эмгек жамаатын куттуктайм. Ишиңиздерге ийгилик каалайм!” деп “БилимТал” КБнин Төрагасы, Юридика илимдеринин кандидаты Асылбек Рахманов билдирип кетти.

Прокрутить вверх