Чет өлкөлүк студенттер ММК Полиси менен камсыз болуусу белгиленди

2024-жылдын 22-октябрында ММК Фондунун Талас аймактык башкармалыгынын директору У.С. Эмилбаев жана Талас мамлекеттик университетинин ректору Ж.С. Шаршембиев КРнын “Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде облустагы чет элдик студенттерди медициналык жактан камсыздандыруу боюнча келишимге эки тараптуу кол коюшту. Келишимде жогорку окуу жайдагы чет өлкөлүк баардык студенттер ММК Полиси менен камсыз болуусу белгиленип, тыгыз кызматташуу боюнча макулдашылды.

Прокрутить вверх