” Эне тили – эл жүрөгү”

ТалМУнун алдындагы КОБББда Кыргыз тилинин үч айлыгынын алкагында 23-сентябрь тил күнүнө карата ” Эне тили – эл жүрөгү” деген темада КА-1-2-24, КА-1-2-23, КА-1-22 группалары менен биргеликте 17.10.2024 тил майрамы өткөрүлдү. Тил майрамы гимн менен башталып, жандуу ыр, тил тууралуу көркөм окуу, бий жана “Манас” эпосунан үзүндү айтылды. Тилдин улуулугу тууралуу студенттер тарабынан сценка коюлду. Иш-чарада улуттук тилибиз даңкталып, тилдин баалуулугу, көркөмдүгү айтылып, кече өз максатына жетти.

Прокрутить вверх