“Тамчыдан көл куралат, тыйындан өмүр уланат»

Кел , замандаш кайрымдуулук кылалы,

Сооп болсун, өзүң салган салмагың!

Жан дүйнөнү эзип барат карасаң,

Жардам сурап тургандар бар санасаң.

Жашоо баркын сезбей, туйбай калганча,

Жүрөк канап, жандай өтүп баратам.

Жүр, замандаш! Кайрымдуулук кылалы,

Жаш жүрөктү ыроолосун жарык шам!

Ж. Шамшиев.

“Тамчыдан көл куралат, тыйындан өмүр уланат” демекчи Талас шаарында болуп өткөн “Мээримдүү тыйын” акциясына ТалМУнун алдындагы “Бектур агай” маалыматтык технологиялар лицейинин окуучулары , мугалимдери активдүү катышышты. Окуучулар чогулткан кутучаларын ачып , “Элим барсыңбы? “ кайрымдуулук фондуна өз салымдарын кошушту.

Чогулган каражаттар муктаж жарандарга көмөк көрсөтүп жана жаш муундарга боорукерликке , ыймандуулукка, кайрымдуулукка, берешендикке тарбиялоо болуп саналат.

Фонддун жетекчиси Арстаналы уулу Бекназар келген конокторго ыраазычылык билдирип, жасаган иштери тууралуу маалымат берди.

Конок катары чакырылган ТалМУнун мамлекеттик тил проректору К. Т. Жунусалиева катышкан кайрымдуулук кылган жарандарга жана колдорунда кутучаларын сүйүнүч менен тапшырып жаткан окуучуларга жоопкерчилик менен мамиле жасаган мектеп жетекчилерине рахматын айтып, бүгүнкү чогулган тыйын да айрым бир үй-бүлөлөргө кубаныч тартууларын айтып, фонддун ишине ийгилик каалады. Майрамдык маданий программа тартууланып, лотереялар ойнотулду.

Жыйынтыгында , Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары М.Э. Сейдикеримова куттуктоо сөз сүйлөп, фонд өсүп-өнүгө беришине тилектештигин билдирди.

jojobet girişcasibomjojobet girişjojobetMadridbetavcılar escortbakırköy escortjetbahiscasinoperslotdayartemisbetartemisbetbetebetmadridbetteosbettambetcasinoroyal güncel girişgrandpashabet güncel girişartemisbetartemisbetcasinoroyal girişcratosroyalbetgrandpashabet girişcasinoroyalgrandpashabet girişmarsbahisstonebahisbetgit güncel giriş1win güncel girişgrandpashabetbetgit girişbetgit1win girişcasinoroyalbahiscasino giriş1winteosbet girişbahiscasinopalacebet girişmarsbahisjojobetjojobetjojobetbahiscasino güncel girişbakırköy escortbakirkoy escortholiganbetip stressermarsbahisamgbahis güncel girişteosbetkralbetmavibetroyalbetbetsilinMertkngKngroyalpalacebetartemisbetartemisbetmasterbettingtambetmarsbahisbetsmovetaraftarium24betsmovebetparkjojobetMertkngpiabetpiabellacasinopiabellacasinoholiganbetinterbahisbetcioperabet girişonwinenbet girişcasibomcasibom güncel girişcasibom girişcasibomcasibomtestqwebahis forumjojobetmatadorbetmatadorbetbayrampaşa escortjokerbetcasinoroyal girişcasibomcasibominterbahismarsbahissekabet giriştürk pornograndpasha girişjojobetSelçuksportspusulabetbetgitDeneme bonusu Veren SitelerJojobetJojobet GirişGalabetGalabet girişgrandpashabetpalacebet güncel girişJojobet GirişJojobetpalacebethiltonbetsonbahiscasinowonpalacebetultrabetultrabet girişsekabet
Прокрутить вверх