ТалМУнун алдындагы КОБББда (колледж) мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында 23-сентябрь тил күнүнө карата 28. 10.2024 КА-1-24 тайпасынын студенттери менен бирге куратору Алибекова Айпери “Кыргыз тили – кыргыз элинин байлыгы” аттуу темада кураторлук ачык сабак өттү.
Сааттын негизги максаты — кыргыз тилинин маанисин, анын улуттук маданиятындагы ордун жана ролун студенттерге түшүндүрүү болду.
Иш- чарада алгач, кыргыз тилинин гимни менен башталып, көркөм окуу, тил жөнүндө ырлар, макал-лакаптар, бий жана тил жөнүндө кыскача сценка коштолду.
Тил күнүнө карата уюштурулган бул иш-чара өз максатына жетти.


