Бир кезде алыс- алыс жактан элек,
Бир кезде таанышпаган жаштар элек ,
Таанышып түбөлүккө дос болууга ,
Болду го студенттик күндөр себеп -демекчи , урматтуу биздин сүйүктүү студент жаштар, майрамыңар кут болсун!
ТалМУда 17-ноябрь Эл аралык студенттер күнү салтанаттуу белгиленди.
Майрамдык салтанатты ТалМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору, ф.и.к, доцент К.Т.Жунусалиева ректораттын жана жалпы профессионалдык-окутуучулар жамаатынын атынан куттуктап, жаштыктын эң сонун убагы, жалындуу курагы студенттик кез экенин белгилеп, студенттик жашоодо албан-албан ийгиликтерге жете беришине тилектештигин билдирип, университеттеги эң алдыңкы окуудагы жана коомдук иштердеги активдүү катышкан студенттерге университеттин грамотасын жана студенттер күнүнө арналып өткөрүлгөн спорттук иш-чаранын жыйынтыгы менен ректордук кубокту, дипломдорду 1-ОСПО, 2-ГФ, 3-ТЭФ, 4-ТТПФга тапшырды. Андан соң Талас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Э.Т. Окенов студент жаштарды майрамы менен куттуктап, келечек жаштардыкы, биз силер менен сыймыктанабыз, өлкөбүздүн социалдык, экономикалык, маданий өнүгүшүнө силердин да кошкон салымыңар зор деп баса белгилеп, ийгилик каалап, жылуу пикирлерин арнап, алдыңкы студенттерге ыраазычылык каттарды тапшырды.
Окуу жайдагы структуралык бөлүмдүн башчылары да куттуктоолорун жолдоп, окууларына чоң ийгиликтерди каалады.
Иш-чараны көңүл кушун көкөлөткөн ыр обондор, бийлер, оюндар коштоп, студенттердин маанайын көтөрдү.
Жыйынтыгында, уюштуруучу болгон студенттик парламентке ыраазычылык билдирилди.