2024-жыл Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мейкиндигинде экология жылы деп белгиленген. Аны ишке ашыруу максатында иш-чаралар иштелип чыккан. Иш пландардын негизинде Талас мамлекеттик университетинде Бишкек шаарынын Орхус борбору жана окуу жайдын жетекчилиги , ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосунда студенттер арасында экологиялык олимпиада ишин жыйынтыктады.
Олимпиада эки баскычта өттү. Эки баскычты ийгиликтүү өткөн студенттер жеңишке ээ болду.
Жеңүүчүлөргө Орхус борбору , Алтын Альянс тарабынан дипломдор тапшырылып, баалуу белектер тапшырылды. Уюштуруучулар: Табият таануу жана педагогика факультетинин Табият таануу кафедрасынын башчысы , б.и.к, доцент З.М. Ташибековага , кафедра мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирилип, Алкыш баракчалары берилди. Буга чейин мектеп окуучулары менен иш жүргүзүшүп келишсе, эми ЖОЖдордо өткөрүүнү практикалашты. Олимпиаданын максаты: студенттердин экологияны жана жаратылышты коргоо багытында кесиптик багыттарга калыптандыруу болуп эсептелет.








