“Өмүрү өрнөк инсан” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция

Көп кырдуу таланттын ээси , санжырачы, жазуучу, обончу, тарых илимдеринин кандидаты, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин доценти Бийлибаев Кайнарбек Шеримкуловичтин 70 жаш мааракесине арналган “Өмүрү өрнөк инсан” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция Талас мамлекеттик университетинде ийгиликтүү өткөрүлдү.

Конференцияны алгач ТалМУнун ректору, техн.и.д,профессор Шаршембиев Жыргалбек Сабырбекович ачып, сөздү КРнын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары М.Э.Сейдикеримовага берди. Сөзүндө юбилей ээсинин басып өткөн өрнөктүү чыгармачыл жолунун көп кырдуулугун белгилеп, автордун “Калкагар”, “Жанкороз ” тууралуу тарыхый романдарынын жаш муундар үчүн орду чоң экендигин белгилеп, ишине ийгиликтерди каалады.

Андан соң Талас районунун мамлекеттик администрациясынын акиминин орун басары В.Т.Мамбеталиева, Кайнарбек Шеримкуловичтин жакын туугандары, “Бердике-Берен “ коомунун өкүлдөрү, классташтары ж.б.коноктор чыгып, куттуктоолорун айтышты.

Пленардык бөлүмүндө т.и.д,профессор, УИАнын корреспондент мүчөсү, Кыргызстан ассоциациясынын президенти, “Манас” орденинин 2,3-даражадагы ээси Ө.Ж.Осмонов , т.и к,профессор, К.Карасаев атындагы БМУнун тарых кафедрасынын башчысы Д.Б. Сапаралиев , ТалМУнун тарых жана коомдук илимдер кафедрасынын башчысы, т.и к,доцент М.М.Жусуповалар илимий баяндама жасашты. Конференцияда айтылган сунуш-пикирлердин негизинде резолюция кабыл алынды.

Конференцияга КР айыл чарбасынын мурдагы экс- министри Чынгысбек Узакбаев, акын Атантай Акбаров, төкмө акын Азамат Болгонбаев, чебер актёр Жолдошбеков Жанжигит уулу катышышып, каалоо тилектерин билдиришти.

Маданий бөлүмдө К. Бийлибаевдин калемина таандык обондуу “Таңшы Талас”, “Сагынуу”, “Кушум качты”, “Ырда жүрөк” аттуу мукам ырлары, жаңырып, автордун аткаруусунда күүлөр ойнолду.

Жыйынтыгында илимий баяндама жасагандарга сертификат жана юбилей ээсине Кыргызстан тарыхчылар ассоциациясынын “Тарых” аттуу төш белгиси тапшырылды.

Автор уюштуруучуларга рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирди.

Прокрутить вверх