ТалМУнун алдындагы КОБББнын гуманитардык дисциплиналар секциясынын окутуучусу А. Ж. Наржигитова 21.11. 2024 КП-1-24 тобунда Кыргыз тили сабагынан “Антоним жана анын түрлөрү” деген темада ачык сабак өттү.
Сабак окутуучунун чыгармачылыгы менен башталып, алгач, колго суу куюу менен башталды. Ысык жана муздак суулар куюлуп, ак – кара салфеткалар кол аарчууга таратылды.
Күн – түн болуп топторго бөлүндү.
Синоним сөздөрдү пайдаланып, жагымдуу маанай тартууланды.
“Wordwall ” сайты боюнча үй тапшырма берилди. Анда ” Сөздөрдү издөө” методу колдонулду.
Класстер түзүлдү.
PowerPoint менен жаңы тема түшүндүрүлдү.
Ал эми бышыктоо үчүн аналогия жана окшоштуктар боюнча суроолор берилди.
Жыйынтыгында “learingaps” сайты боюнча кроссворд оюну болуп, баалоо дарагы аркылуу студенттер бааланды. Аткарылган көнүгүүлөрдүн жыйынтыгы менен “Күн” командасы жеңишке жетти.
Сабак кызыктуу өттү.
Окутуучуга ийгилик каалайбыз.