Талас мамлекеттик университети ЛОГО программасы менен 2001-жылдан бери кызматташып келе жатат. Бул программа “Айыл чарбасы жана Чыгыш Европа менен экологиялык тең салмактуулук” деп аталат. Программанын негизги максаты студенттерге теориялык алган билимин практикада айкалыштыруу. Германиянын айыл чарбасы, маданияты менен тааныштыруу болуп саналат. ЛОГО программасынын өкүлү Вероника Майорованы ТалМУнун ректору Шаршембиев Жыргалбек Сабырбекович кабыл алды. Вероника Майорова студенттерге ЛОГО программасы жөнүндө кенен маалымат берди. Бул программага катышууну каалаган студенттер тил билүүсү зарыл. Учурда студенттер тил үйрөнүү курстарына катышып жатышат. Практика өтүүнү каалаган студенттердин немец тилин билуу денгээли текшерилип, биринчи баскычтан өтүштү. Ийгиликтүү өткөн студенттер апрель айында башталуучу 6 айлык практика өтөөгө Германияга жолдомо алышат. ЛОГО программасына ТалМУнун көптөгөн студенттери ийгиликтүү практика өтөп келгендигин айта кетсек болот.