ТалМУнун алдындагы кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн (колледж) администрациясы, гуманитардык дисциплиналар секциясынын окутуучулары жана “чет тили ” адистигинин студенттери менен 3.12. 2024 Кайрымдуулук күнүнө карата Талас облусундагы “Жаркын келечек – Талас” коомдук бирикмесине кайрымдуулук жасап келишти. Колледждин окутуучулары, студенттик парламенти тарабынан жардам катары белектерди жана азык – түлүктөрдү беришип, гуманитардык дисциплиналар секциясынын окутуучусу, куратор А. Наржигитова КА-1-23 тайпасы тарабынан даярдалган студенттердин маданий бөлүгүн тартуулашты. Бирикмедеги балдарга белек берип, бир аз да болсо көңүлдөрүн көтөрүштү.
Ал эми коомдук бирикменин жетекчиси ыраазычылыгын билдирип, Ыраазычылык кат тапшырып ийгиликтерди каалап өттү.



