4-декабрь “ Манас” эпосунун күнү жана “Манас” эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына карата фжарыяланган 3 айлыктын алкагында жана улуу жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата, “Манас” үчилтиги, Айтматов ааламы дүйнөлүк адабияттын алтын казыгы, мамлекеттик тил эл казынасы” аттуу республикалык илимий-практикалык конференциясы. К. Медетбеков атындагы Талас облустук драмтеатрында болуп өттү.
Театрдын залында А.Токтогулов атындагы облустук китепканасы, Талас облустук мамлекеттик архиви, Талас мамлекеттик университетинин көргөзмөлөрү уюштурулду.
Конференцияны ТалМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору, ф.и.к, доцент К.Т.Жунусалиева ачып, сөздү Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары М.Э. Сейдикеримовага берди. Ал сөзүндө “Манас “ эпосунун мааниси тууралуу маңыздуу кеп куруп, алыстан ат арытып келген конокторго ыраазычылыгын билдирди. Андан соң кыргыз Билим берүү академиясынын академиги,ф.и.д, профессор , “”ТалМУнун Ардактуу профессору С.О.Байгазиев,И.Арабаев атындагы КМУнун алдындагы Мамлекеттик тил жана маданият институтунуун директору, ф. и.д, профессор С.С.Жумалиев, КР УИАнын илимий кызматкери, ф.и.д, профессор Ж.К.Орозобекова онлайн куттуктоолорун билдиришип, илимий конференцияны өтүшүнө ийгилик каалашты.
Иш-чарага белгилүү манасчы, “КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер”, филология илимдеринин доктору, профессор Таланталы Бакчиев, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин доценти, филология илимдеринин кандидаты Жүрсүн Орозалиева, филология илимдеринин кандидаты, доцент Наргул Осмонова, филология илимдеринин кандидаты, доцент Кундуз Жунусалиева жана М.Э. Сейдикеримова илимий баяндамаларды жасашты.
Жыйынтыгында, резолюция кабыл алынып, катышуучуларга Ыраачылык каттар жана сертификаттар тапшырылды.
Маданий программа тартууланып, катышуучулардын маанайын көтөрдү. Конференцияны уюштурууда кошкон салымы үчүн Кыргыз тили жана адабияты кафедрасына ыраазычылык билдиребиз!