Талас мамлекеттик университетинде 1- декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата бир айлыктын алкагында Гендер жана ВИЧ /СПИД инфекциясынын аспектилерин жаштарга кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында студенттер арасында Табият таануу кафедрасынын ага окутуучусу Шабданова Надира Коргонбаевна, Бириккен Улуттар Уюмунун КР аялдар структурасы, “21-кылымдагы жаштардын ден соолугу жана билими” коомдук фонду менен биргеликте уюштуруусунда квиз-найт викторина өткөрүлдү.
Иш чаранын максаты – гендер жана ВИЧ-СПИД инфекциясынын аспектилерин жаштарга кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
Cтруктуралык бөлүмдөрдөн 4 команда активдүү катышышты. Катышуучуларга сертификаттар тапшырылып,жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык берилди.
1- орун ГФ
2- орун ТЭФ
Активдүү катышкандыгы үчүн ТТПФ жана КОБББ нын студенттери да сыйланышты.








