ТАЛАС МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ЖЫЛ МЫКТЫЛАРЫ СЫЙЛАНДЫ
Талас мамлекеттик университети 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарды. «Жыл Мыктылары» конкурсунун жобосунун негизинде 2024-жылдын мыктылары аныкталып сыйланышты. Аталган сыйлыктарды профессордук-окутуучулар жамаатына арналган Жаңы жылдык кечеде Талас мамлекеттик университетинин ректору, техн.и.д., профессор Шаршембиев Жыргалбек Сабырбекович, окуу жана илимий иштер боюнча проректор т.и. к., доцент Сурапов Анаркул Кудайбердиевич, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор ф.и.к., доцент Жунусалиева Кундуз Тотоновна салтанаттуу тапшырышты.
“Мыкты факультет-2024” сынагынын жеңүүчүсү болуп ТЕХНОЛОГИЯ-ЭКОНОМИКАЛЫК ФАКУЛЬТЕТИ тандалып, I даражадагы Диплом менен сыйландык. О.э. Компьютер,принтер жана телевизордун сертификаты тапшырылды. Андан тышкары “Экономика жана Менеджмент” кафедрасы Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына арналган үч айлыктын алкагында мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ТалМУнун Ардак грамотасы, 2023-2024 окуу жылында билим берүү программалары аккредитациядан ийгиликтүү өткөндүгү үчүн ТалМУнун Ардак грамотасы менен “Экономика жана менеджмент” кафедрасы жана “Техникалык процесстердин технологиялары” (ИСТ адистиги боюнча) кафедрасы сыйланды. Билим берүү жана илим министринин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен ТПТ кафедрасынын доценти техн.и.к., Абдырахманов И.А. сыйланды. ТалМУнун Ардак грамотасы менен ТПТ кафедрасынын ага окутуучусу Тургунбаева З.Б. жана кесиптик кошундун Ардак грамотасы менен Бердалиева П.Ж., Дуйшебаева М.К. сыйланды. Сыйлык ээлерин куттуктоо менен, мындан ары да иштерине чыгармачылык ийгиликтерди жана бекем ден соолукту каалайбыз!
2025-жаңы жылыбыз кут болсун! Талас мамлекеттик университети өсүп-өнүгө берели.



