Жыйынды ТалМУнун ректору Ж.С.Шаршембиев ачып, окуу жайдагы кабыл алуу, которуу, сессия, практикалардын жүрүшү, бүтүрүү квалификациялык иштер , финансылык-чарбалык. иштер өзүнүн нугунда , мыйзамдын чегинде жүргүзүлгөндө гана коррупция жок болорун айтты.Мамлекеттик деңгээлдеги эң негизги маселелердин бири бул коррупция менен күрөшүү.Эгер коомду , мамлекетти өзгөртүүнү кааласак, өлкөнүн келечеги болгон билимдүү, тарбиялуу, ыймандуу жаштардан, билим берүүдө талыкпай эмгектенип жаткан педагогикалык жамааттан баштообуз зарыл экендигин белгиледи. “Эгер биз коррупцияны ооздуктай алсак экономика, билим берүү жана финансылык маселелер өзүнөн-өзү чечилип калууга шарт түзүлө тургандыгын билишибиз керек”деди. Ошондуктан, бул ишти жалпыбыз киришкенде гана ийгиликке жетише алабыз деген оюн билдирди.
Андан соң жарыш сөзгө п.и.д, профессор Ш.Ж. Курманкулов, Аксакалдар кеңешинин төрагасы ф.и.к, доцент Э. А. Үметов, Кесиптик кошундун төрагасы Э. А.Абдраимов, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча элдик көзөмөл коомдук бирикмесинин Талас шаары боюнча координатору У.О.Эсенаманов ж. б. окутуучулар чыгышып, өз ойлорун айтышып, билим берүү ишмердигинде, финансылык-чарбалык ишмердүүлүктө, мамлекеттик сатып алууларда, кадр саясатын ишке ашырууда, окутуучулар жана жетекчилер академиялык бүтүндүктү сактап, окуу жайда коррупция менен күрөшүп түп тамыры менен жоготууга ар бир окутуучу, кызматкер өз салымдарын кошуу керек экендиктерин белгилешип, сунуштарын билдиришти.









