Гуманитардык факультетинин Кыргыз тили, адабият кафедрасынын окутуучулары ф.и.к, доцент Т.К.Айталиева, ага окутуучулар Б. А. Ниясалиева, Н.Ж.Алтыкеевалар 21- февраль Эл аралык эне тили күнүнө карата Талас шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлерине “Медицинадагы иш кагаздарынын стили” деген темада лекция окушту. Кызыккан суроолоруна жооп беришип, презентациялап, талкуулап ,түшүндүрүшүп пикир алышты. Келген конокторго жетекчилик ыраазычылыктарын билдиришти.





