21-февраль Эл аралык эне тил күнү жыл сайын 2000-жылдан бери тил жана маданият түрдүүлүгүнө жана көп тилдүүлүккө көмөк көрсөтүү максатында белгиленип келет.
Ушул күндү утурлай ТалМУнун бардык структуралык бөлүмдөрүндө кураторлук сааттар,тегерек стол,адабий-музыкалык кечелер салтанаттуу уюштурулуп, өткөрүлдү.
Гуманитардык факультетте “Эне тилиң болбосо, аты аталбайт улуттун” аталышында маданий иш-чара өткөрүлдү. Факультеттин деканынын м.а . Т.и.к.,доцент. М.М. Жусупова жалпы катышуучуларды тил майрамы менен куттуктады.
Программада тилди даңазалаган ырлар көркөм окулуп, ар улуттун ырлары жаңырып, бийлерин, каада-салттарын көргөзүп,дүйнө элдеринин маданияты даңазаланды.


