8-март аялдардын Эл аралык күнүнө карата “Аял өмүр,аял дүйнө,аял кут” аталышта маданий иш-чара болуп өттү.

Куттуу үйдө өчпөгөн,

Шам болгула аялзат!

Мөлтүрөгөн сүйкүмдүү,

Жар болгула аялзат!

Бактыбызга ар дайым,

Бар болгула ,аалам көркү Аялзат!

Талас мамлекеттик университетинде 6-мартта

8-март аялдардын Эл аралык күнүнө карата

“Аял өмүр,аял дүйнө,аял кут” аталышта маданий иш-чара болуп өттү.

Кечени ТалМУнун мырзаларынын атынан окуу жайдын ректору Ж.С.Шаршембиев ,окуу жана илимий иштер боюнча проректор А.К.Сурапов, Кесиптик кошундун төрагасы Э.А. Абдырайымов куттукташып , университеттин өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн айымдарга сыйлыктарды тапшырышты.

Кечени мырзалардын демилгеси менен даярдалган концерттик программа айымдардын маанайын көтөрүп, көңүлүн көкөлөттү.

Аялзаты , сүйүү тууралуу ырлар көркөм окулуп, музыкалуу ырлар жаңырып, залдагы жалпы айымдарга мырзалар гүл белек кылышты.

Ажарына эски күндү жаңылап,

Аял сени канча жүрөк сагынат,

Апа дешип,кызым дешип, жарым дешип,

Аялзаты сага дүйнө багынат!

Майрамыңыздар менен!

Прокрутить вверх