“Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш- аракеттер планы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 06-сентябрындагы No 305 сандуу Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2025-жылдын 12-мартындагы No 20-2566 чыгыш сандуу катын аткаруу максатында 2025-жылдын 15-мартынан тартып 2025-жылдын 25-майына чейин облус аймагында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча массалык ишембиликтерди уюштуруунун негизинде Талас мамлекеттик университетинин жамааты ишембиликке чыгышты.
Өкүлчүлүк, мэрия тарабынан бөлүнгөн жерлерди жана окуу корпустарынын тегерегин тазалашып, ишембиликке активдүү катышышты.


















