“Алас, алас,
Ар балээден калас,
Эски жыл кетти,
Жаңы жыл келди.
Айдан аман,
Жылдан эсен,
Жакшылыкты теңир берди,
Жарык күндү кеңири берди.
Орообуз данга толсун,
Оозубуз нанга толсун!
Алас, алас” деп аластап, жакшы ниетт менен жакшылык тилеген.
Жаратылыш ойгонуп, жер жарылып чөп чыгар, желин айрылып сүт чыгар мезгилибиз кут келсин!
Нооруз майрамыңыздар менен, урматтуу эл журтум!
Майрамыңыздар кут болсун!
Бүгүн Талас облусунун борбордук аянтында майрамдык маанайды тартуулаган маданий программа, көңүл кушун көкөлөткөн музыка жаңырууда.
Талас мамлекеттик университетинин жамааты да бул майрамга активдүү катышууда.
Жалпы элибизге тынччылык, бакубат жашоо, ден соолук, ынтымак каалайбыз!







