define('DISALLOW_FILE_MODS', true); «Бухгалтерлер жана аудиторлор күнү: Так эсеп – ишенимдүү келечек!» — Талас Мамлекеттик университети

«Бухгалтерлер жана аудиторлор күнү: Так эсеп – ишенимдүү келечек!»

Интеллектуалдык акыл таймашы ийгиликтүү өттү! 📢

🎉 «Бухгалтерлер жана аудиторлор күнү: Так эсеп – ишенимдүү келечек!» 🎉

Бүгүн 2-апрель ,2025-жыл.

Талас мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Бухгалтерлер жана аудиторлор күнүнө карата интеллектуалдык акыл таймашы жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Бул иш-чара Маалыматтык технологиялар, техника жана экономика институту, Транспорт, энергетика жана экономика кафедрасы тарабынан уюштурулуп, бухгалтердик тармактагы келечектүү адистердин интеллектуалдык күч сынашуусуна жол ачты.

📌 Кимдер катышты?

Таймашка Талас шаарындагы орто кесиптик жана жогорку окуу жайларынын Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит адистигин тандаган мыкты студенттери катышты. Алар 2-3-курстун студенттеринен түзүлгөн 5 студенттен турган командалар менен билим таймашына чыгышты.

📚 Таймаш төмөнкү негизги багыттарды камтыды:

✅ Бухгалтердик эсептин тарыхы

✅ МСФО (Эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттары)

✅ Аудит жана финансылык анализ

💡 Турлардын жүрүшү:

🔹 1-тур: Үй тапшырма – «Кыргыз Республикасында бухгалтердик эсептин өнүгүү келечеги» темасында 5 мүнөттүк презентация

🔹 2-тур: Кызыктуу кроссворд.

🔹 3-тур: Викторина Kahoot платформасында интерактивдүү тест түрүндө өттү.

📍 Өткөрүлгөн жер:

🏛 Талас мамлекеттик университетинин жыйындар залы

🔥 Таймашка жалпы 4 команда катышты:

🏆 1-орун – Маалыматтык технологиялар, техника жана экономика институту Актив» командасы 🥇 I даражадагы Диплом менен сыйланды

🥈 2-орун – Агробизнес жана туризм колледжи «Баланс» командасы 🥈 II даражадагы Диплом менен сыйланды

🥉 3-орун – Маалыматтык технологиялар, техника жана экономика институту» Инсайдерлер»командасы 🥉 III даражадагы Диплом менен сыйланды.

🏅Талас агрардык -экономикалык колледжи»Эсеп сакчысы» командасы – активдүү катышуусу үчүн ыраазычылык кат менен сыйланды.

👩‍💼👨‍💼 Калыстар тобу:

Таймаштын жүрүшүн тажрыйбалуу башкы бухгалтерлер жана бухгалтерия тармагында эмгектенген адистер баалашты.

🏆 Сыйлыктар жана таануу:

Жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана дипломдор, ал эми бардык катышуучуларга сертификаттар, командаларды жетектеген окутуучуларга ыраазычылык каттар тапшырылды.

💫 Так эсеп – ишенимдүү келечекке жол ачат!!!

Прокрутить вверх