18.04.2025-жыл.
Талас мамлекеттик университетинин Агробизнес, биоэкология жана туризм институтунун, Агробизнес жана биоэкология кафедрасынын профессордук окутуучулар жамааты жана студенттери экология багытында “Жеруй” алтын кенинин ишмердүүлүгү менен тааныштыруу максатында студенттер үчүн экскурсия уюштурушуп, алтын чыгаруучу фабрикасы, калдык сактагычы жана лабораториялары менен жеринен көрүп, таанышып келишти. Бул жолугушуу Альянс Алтындын “Жеруй” алтын кени менен окуу жайдын ортосундагы кызматташуусун андан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзмөкчү.




