ТалМУда 2016-жылы ТалМУнун 20 жылдык мааракесине карата тарыхый-этнографиялык музей түзүлгөн.
Бул музейге тарых илимдеринин кандидаты, доцент, окуу жайда тарых кафедрасын түптөгөн Кеңешбеков Канат Амановичтин аты ТалМУнун ОКнин чечими менен ыйгарылган.
ТалМУдагы Кеңешбеков Канат атындагы тарыхый-этнографиялык музейди
т.и.к., доцент Жусупова Моймол Молдобековна жетектеп келет. Музейдин өсүп-өнүгүүсү үчүн талыкпаган эмгек жумшап, байма-бай экспонанттар менен толуктап чыгармачылык менен иш алып барууда. ТалМУда К.Кеңешбеков атындагы музейде 18-май күнү жыл сайын облусттук, республикалык деңгээдде тегерек-столду, тарыхчы-мураскорлор менен жолугушууларды уюштуруп, Музей күнүн жогорку деңгээлде өткөрүп келет.ТалМУнун К.Кеңешбеков атындагы тарыхый-этнографиялык музейинин жетекчиси, тарых жана укук таануу кафедрасынын башчысы, т.и.к., доцент Моймол Молдобековнаны Эл аралык музей күнү менен куттуктайбыз! Музей жаатындагы алып бара жаткан ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз! ТалМУнун тарыхый-этнографиялык музейи өсүп-өнүгүп, келечекте өз ордун тапкан туристтерди, келечек муундарды суктандырган музейге айланат деп ишеним артабыз.






